Бишкек
Кок-Жар кɵч. 51
Чек белгиси - ресторан "Сон Кɵл"

ДШ-ЖМ 8:30 - 18:00
ШБ 8:30 - 16:00

0 7750 5560 5000 705

44 11 44

Жыл мыктысы 2018. Жылдын-Мыкты Курулуш компания 2018. Жетиген журналынын тандоосу менен.

Жакшы болуш башынан,
Лидер болуш жашынан...

"Жетиген" журналы жыл сайын ар тармактын мыктыларын аныктап, салатанаттуу кечеде статуэткалар менен кошо дипломдорду тапшырды. Курулуш тармагында кыска убакыттын ичинде Кыргызстандын 3 шаарында жаңы үйлөрдү салып жаткан, түштүк аймагы боюнча эң таанымал компанияга айланган "Эмаком" компаниясы "Жылдын мыкты курулуш компаниясы" деген наамга татыктуу болду. Сыйлык бир нече шаарда иш алып барып жаткан, 500дөн ашуун адамды жумуш орду менен камсыз кылган холдингдин негиздөөчүсү Джусупов Эмилбекке салтанаттуу түрдө тапшырылды. Сыйлыкты КРнын вице-премьер министри Жеңиш Раззаков тапшырып, жаштар өлкөнүн келечегин кураарын айтып, холдинг президенти Эмилбек Джусупов болгону 27 жашта экенин кыйытып өттү. 
Компаниянын жылдын мыкты болушуна анын алдыга койгон чоң максаттары, карапайым калкка көргөн камкордук, коомдук жана кайрымдуулук иштерге активдүү катышкандыгы, өз ишин жоопкерчилик менен сапаттуу алып барганы себеп болду. 
"Эмаком" холдингинин президенти бул сыйлык мындан да катуу аракет көрүп иштөөгө түрткү берген аванс экенин белгилеп, алдыга койгон максаттар чоң экенин айтып, келечекте ыңгайлуу баалар менен дүйнөгө тараган кыргыз мигранттарын өз мекенинен үй алып кайра Кыргызстанга чогултуу кыялы бар экенин белгилеп, учурда бул максатты ишке ашыруу үчүн бир нече акциялар старт алганын кабарлады.
 

16.12.2018

Контакты

Бишкек

Кок-Жар кɵч. 51Чек белгиси - ресторан "Сон Кɵл"
0 7750 5560 5000 705

441144

Ош

Пр. Масалиева 25-АЧек белгиси - "Рамазан" СБнун тушунда
0775 0 5510 7000 771 0770

442244

Кызыл- Кия

СБ "Келечек" 3 кабат
0 5570 775

330606

Иштөө убактысы: ДШ-ЖМ 8:30 - 18:00, ШБ 8:30 - 16:00